​Карызды жоюуга 7,5 млрд. сом жумшалды

18-Май 2017, Бейшемби

2017-жылдын 4 айында мамлекеттик карызды жоюуга 7 млрд. 507,4 млн сом сарпталган. Бул тууралуу Каржы министирлиги билдирди.

Маалыматка карганда, карызды төлөөгө сарпталган каражат өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 5 пайызга жогорулатылган. Тактап айтканда, 2016-жылы карызды жабууга 7 млрд. 148 млн. сом жумшалган.

Айдын ичинде ички карызды жабууга3 млрд. 744 млн сом керектелген. Ал эми сырткы карызга 3 млрд. 763 млн сом сарпталган.

Эскерте кетсек, мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү 285,5 млрд. (4 млрд 160.83 млн. доллар) сомду түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!