242 миң пенсионердин пенсиясы жашоо минимумунан төмөн

01-02-2017

Өлкөдөгү жалпы пенсионерлердин 42 пайызы жашоо минимумунан төмөн пенсия алат. Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Тенизбек Абжапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Өлкөдөгү пенсионерлердин 245 миңи же 42 пайызы жашоо минимумунан төмөн пенсия алат. Азыр мен пенсиянын көлөмүн орточо көрсөткүчкө жеткирүү үчүн канча каражат керектигин айта албайм. Учурда пенсиянын орточо көрсөткүчү 5 миң сом”,-дейт Абжапаров.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда пенсионерлердин орточо жашоо минимуму 4 миң 303 сомду түзөт.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!