Кыргызстандын банк тутумундагы санариптештирүү кандай ишке ашып жатат?

Кыргызстандын банк тутумундагы санариптештирүү кандай ишке ашып жатат?
30-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 12:27

Бүгүнкү күндө Кыргызстан сөз эмес иш жүзүндө дүйнөлүк тренддерге кошулууда жана санариптештирүүгө өтүп жатат. Баарыбызга белгилүү болгондой 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыяланган. Кыргызстандын банк тутуму да санариптештирүүдө маанилүү кадамдарды жасап жаткан учур.

Заманбап дүйнөдөн артта калбай!

Күнүмдүк жашоосунда кыргызстандыктар накталай эмес төлөм каражаттарын уламдан-улам көбүрөөк колдонуп бара жатышат. Билет сатып алабыз, кафеде эсептешүү жүргүзөбүз, интернет дүкөндөрдөн товар сатып алабыз. Мунун баары карта же болбосо электрондук капчыктар аркылуу жүзөгө ашат.

Улуттук банктын төрөгасы Толкунбек Абдыгулов

Сүрөт: Улуттук банк

2018-жылы Кыргызстанда банк карталары аркылуу 38 миллион операциялардын ишке ашырылышы накталай эмес төлөмдөрдүн популярдуу болуп бара жатканынан кабар берет. 2017-жылга салыштырганда POS-терминалдардын саны 20 пайызга тактап айтканда өлкө боюнча 10 миңге көбөйгөн. Электрондук капчыктар менен өткөн жылы 13 млрд сомдон ашык суммада 9,7 миллион төлөм ишке ашырылган. Улуттук банк берген маалыматка таянсак, 2018-жылы банк карталары аркылуу 196 млрд сом которулган.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалым кылгандай, 2018-жылдын жыйынтыгы менен төлөм карталарынын саны 2,4 млн даана болду, бул мурдагы жылга салыштырганда 20 пайызга жогору. 2019-жылдын башына карай өлкө боюнча 1 583 банкомат иштеп жатат, бул алардын саны 12 пайызга көбөйгөнүнөн кабар берет.

Бирок тилекке каршы, санариптик технологиялар борбор калаада жакшы өнүккөнү менен өлкө аймактарында аз. Мындан улам Кыргызстандын Улуттук банкы банк карттарын, банкоматтарды, төлөм терминалдары менен POS-терминалдарды, ошондой эле акчалай эмес төлөм каражаттарын өлкө аймактарына кеңири жайылтуу максатын алдыга коюуда.

Санариптештирүү - жаңы техологиялар жаңы эрежелерди киргизүүдө

Бүгүнкү күндө банк тейлөөсүн санарипке өткөрүү-Кыргызстандын экономикасын санариптештирүү процессинин ажырагыс бөлүгү.

Банк тармагындагы тейлөөрдү санариптештирүү - бул банк операцияларынын баарын санариптик негизге өткөрүү болуп саналат. Тактап айтканда кардар менен да, банк системасы менен да өз ара аракеттенүү толук санариптик негизде болуу керек. Бул иштерди колго алууда Кыргызстандын бир катар мыйзам актылары дагы өзгөртүлүүгө тийиш. Каржылык тейлөө көрсөтүүдө керектөөчүлөрдү тез жана ыңгайлуу тейлөө санариптештирүүнүн - эң башкы тапшырмасы.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Mastercard бизнесин өнүктүрүү боюнча директору Антон Бороздиндин айтымында, учурда төлөм дүйнөсү тездик менен өзгөрүп жатат.

“Албетте мында жаңы оюндар үчүн жаңы эрежелер келип чыгат. Биз азыр эски эрежелер иштебей калган жагдайда турабыз жана жаңы технологиялар тездик менен өнүгүп уламдан-улам санариптештирүү дооруна алып бара жатат. Санариптик төлөмдөр банк картасы пайда болгондон кийинки төлөм системасындагы эң ири өзгөрүш болуп эсептелет”,-дейт ал.

Эксперттин пикиринде албетте санариптештирүү ишинин ийгилигине калктын технологиялык жактан сабаттуу болушу дагы өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө ар бир адам интернетке кирүүгө мүмкүндүк алып, ар биринин колунда смартфон болгону менен аны банк тармагындагы тейлөөлөргө колдонууну ар бири эле биле бербеши мүмкүн. Көпчүлүгү картага которулган айлыгын алып накталай түрдө үйүнө койгонду жакшы көрүшөт.

Ошондуктан санариптештирүүдө калктын каржылык сабаттуулугу, банктарга карата ишеними болуп акчасын атайын эсептерге сактоого өтүшү дагы чоң роль ойнойт. Андыктан банктарды санариптештирүү ишин жолго коюуда мамлекет да, эл дагы көмөкчү болууга тийиш.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Анжелика  Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Анжелика Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
  Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Депутат:
Депутат: "Мен кудаймын" деп кыйкыргандарга кандай чара көрүлөт?