QR-код - санариптик трендде болуңуз!

QR-код - санариптик трендде болуңуз!
30-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 16:36

Телефондун жардамы менен кайсы жерде болбосун акча төлөөгө өтүү-Кыргызстанда кыял эмес болуп бара жатат. Накталай эмес төлөмдөрдүн эң эле ыңгайлуу түрлөрүнүн бири бул QR-код боюнча акча төлөө.

Анын жардамы менен накталай эмес төлөм которуу бүткүл дүйнөдө популярдуу болуп жаткан учур. Бул каражат өзүнүн жөнөкөйлүгү жана ыңгайлуулугу менен дүйнөдө көп өлкөлөрдө колдонулуп, өз кардарларын кеңейтти.

QR-коддун тарыхы

QR-кодирование алгач Японияда пайда болуп бүткүл дүйнөгө тарады. Аны 1994-жылы аталган өлкөдөгү Denso-Wave компаниясы иштеп чыккан. 2000-жылдан тартып кеңири жайылып, мезгилдин өтүшү менен Түндүк Америда, Азияда, Кытайда белгилүү болду. Кытайда ал тургай рынокто накталай төлөм каражаттары менен банк карталарын сүрүп чыкты. Күн чыгыш өлкөсүндө базарда болобу, таксиге төлөгөндө болобу, квартира алганга болобу смартфон болсо жетиштүү.

QR-код кандай колдонулат?

QR-код – бул ак фондогу кара чарчыга тартылган сүрөтү бар эки өлчөмдүү штрих-код. QR тамгалары англисче Quick Response дегенди түшүндүрөт, анын мааниси- тез кабыл алуу. Тез реакция кыла турган код көз ирмемге жетпеген секудда маалымат бере алат. Мындай код 7 миң цифраны, 4 миңден ашык тамганы жана 2 миңдей иероглифти өз ичине батырганга жөндөмдүү.

Маалыматтар QR–кодго аны түзүп жаткан учурда жүктөлөт. Алар атайын программаны жардамы менен түзүлөт жана ак-кара квадратка эмне жазылганын окуш үчүн дагы атайын программа керек болот. Көпчүлүк заманбап смартфондордо аны окуй турган атайын тиркеме бар.

QR-код Кыргызстанда

Кыргызстанда аны смартфондордо «Элкарт Мобайл» тиркемеси аркылуу колдонууга болот. Тиркемеде QR-коддорду сканерден өткөрүп жана генерация кыла турган баскыч бар. Бул үчүн тиркеме төлөм картага байланышкан болушу кажет. Мисалы акча которууда картанын узак номерин терип отурбай бул QR-кодду сканерден өткөрүп коюу жетиштүү. Башкача айтканда QR-код накталай эмес төлөмдөр үчүн ыңгайлуу инструмент болуп саналат. «Элкарт Мобайл» тиркемесинин учурда 30 миң активдүү колдонуучусу бар, тиркемени Google Play Маркет жана App Storeдон жүктөп алууга мүмкүндүк бар. Ал эми улуттук «Элкарт» төлөм системасындагы 1 млн 200 миң төлөм картанын ээлери болочоктогу мүмкүн болуучу колдонуучулар болуп калышы ыктымал.Азырынча QR-код менен төлөм жүргүзүүнү «Элкарт Мобайл» тиркемеси менен гана колдонууга мүмкүн болууда. «Элкарт Мобайл» тиркемесинин жардамы менен коммуналдык кызматтарды уюлдук операторлордун тейлөөлөрүн, интернетти, салыктарды, айып пулдарды мамлекеттик тейлөөнү төлөөгө болот.

Кыскартып айтканда санариптик жаңычыл технологиялар Кыргызстандын банк тутумунун калкты тейлөөсүнө жаңыча жол ачып жаткан кези.

https://www.youtube.com/channel/UCHAOqgIpAD69MbhLA1Qc5JQ



Эскертүү: Видеолор "НПC Элкарт" каналынан алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Тайсон Фьюри техникалык нокаут менен Деонтей Уайлдерди жеңди
​Тайсон Фьюри техникалык нокаут менен Деонтей Уайлдерди жеңди
​Сүйүнчү! Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду (видео)
​Сүйүнчү! Арсалан Будажапов Азия чемпиону болду (видео)
​Бир колдуу мушкер 13-мартта таймашка чыгат (видео)
​Бир колдуу мушкер 13-мартта таймашка чыгат (видео)
Рыспаев: Ата-энеңердин үмүтүн актаган жарандардан болгула!
Рыспаев: Ата-энеңердин үмүтүн актаган жарандардан болгула!
Абылгазиев: Өлкөнүн экономикалык  өнүгүшү аны туура пайдалануудан көз каранды
Абылгазиев: Өлкөнүн экономикалык өнүгүшү аны туура пайдалануудан көз каранды
​Лионель Месси атаандашы Роналдуну жырткычка теңеди
​Лионель Месси атаандашы Роналдуну жырткычка теңеди
Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө бир сааттын ичинде катуу шамал болот
Кубатбек Боронов жана Сергей Румас кызматташтык маселелерин талкуулашты
Кубатбек Боронов жана Сергей Румас кызматташтык маселелерин талкуулашты
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу «Достук» ордени менен сыйланды
 Коронавирус: Кытайда 300 кыргызстандык бар
Коронавирус: Кытайда 300 кыргызстандык бар
Жылдын таймашы: ​Бүгүн “Уайлдер-Фьюри” реваншы болот
Жылдын таймашы: ​Бүгүн “Уайлдер-Фьюри” реваншы болот
Мугалимдер инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатат
Мугалимдер инклюзивдик билим берүү боюнча квалификациясын жогорулатат
  Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт
Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт
Өткөн жылда өлкөдө эшек, коён жана чочконун саны азайдыбы?
Өткөн жылда өлкөдө эшек, коён жана чочконун саны азайдыбы?
Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү
Инклюзивдик класстарда билим алган окуучулардын саны көбөйдү
Аламүдүн айылында эл ташыган 8 автобус ишке киргени турат
Аламүдүн айылында эл ташыган 8 автобус ишке киргени турат