Мигранттар Кыргызстанга 1 млрд 570 млн доллар которду

 Мигранттар Кыргызстанга 1 млрд 570 млн доллар которду
14-Окт. 2019, Дүйшөмбү, 15:55

Кыргызстанга эмгек мигранттары жыл башынан бери 1 млрд 570.5 млн доллар которушкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы маалымдады.

2019-жылдын август айында июль айына салыштырмалуу эмгек мигранттарынан которулган акча 5.3 млн долларга аз болду. Июль айында Кыргызстанга мигранттар 224.7 млн доллар жөнөтүшсө, август айында 219.4 млн доллар которушкан. 2018-жылы август айында мигранттар 16.6 млн доллар жөнөтүшкөн эле.

Серепчилер которулган акчанын көлөмүнүн азайышы ушул жылдын апрель айында Россия КРга которулган акчанын лимитин айына 100 миң рублден ашырбоо боюнча чек койгондугунан улам келип чыкканын белгилешүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!