Банкка салынган акчанын кепилдиги 300 миң сомго чейин көтөрүлөбү?

Банкка салынган акчанын кепилдиги 300 миң сомго чейин көтөрүлөбү?
18-Окт. 2019, Жума, 13:00

Кыргызстандын коммерциялык банктарына салынган акчаны милдеттүү камсыздандыруу суммасын 200 миң сомдон 300 миң сомго чейин жогорулатуу сунушталууда. Мындай демилгени Экономика министрлиги көтөрүп чыкты.

Бул үчүн “Банк салымдарын (депозиттерин) коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду.

Министрликтен билдиришкендей, коммерциялык банктардагы депозиттердин (үстөк пайызын кошуу менен) компенсация суммасын көбөйтүү акча салуучуларды коргоого жана банк системасына карата калктын ишенимин жогорулатууга багытталган.

Экономика министрлиги билдиргендей, 2019-жылдын 1-июлунда депозиттерди коргоо фондунун көлөмү 2 млрд 389 млн сомду түздү.

Ал эми мыйзамга ылайык толук бойдон кепилдендирилген депозиттердин саны 2019-жылдын 1-июлуна карата 2.6 млн болду жана бул банк тармагына акча салуучулардын 97 пайызына барабар.

Эгерде камсыздандыруу өлчөмү 300 миң сомго чейин көбөйтүлсө кепилдендирилген депозиттердин саны банкка акча салуучулардын 98 пайызын түзмөк.

Эскерте кетсек, калк банкка салган акчаны же болбосо депозитти коргоо системасы каржылык системанын туруктуулугун колдоого жана акча салуучулардын коргоого багытталган. Кепилдендирүүчү төлөм канчалык жогору болсо коммерциялык банктарга каражат салуучулардын ишеним жогору болот.

Кыргызстанда учурда банкка сакталган салымдарды милдеттүү кепилдендирүү 200 миң сомду түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Марста жашоо барбы?
Марста жашоо барбы?
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
"Шумкар" атайын багыттагы полку жарандарды жумушка чакырат
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Златан Ибрагимович
Златан Ибрагимович "Гэлакси" клубунан кеткендигин жар салды
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Милиция жумушка кабыл алат
Милиция жумушка кабыл алат
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт