​Инфляциянын деңгээли 4,4 пайызды түздү

28-Июнь 2017, Шаршемби

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда инфляция Улуттук банк болжолдогон деңгээлде сакталып турат. Үстүбүздөгү жылдын 16-июнуна чейинки инфляциянын жылдык мааниси 4,4 пайызды түзгөн.

Ички суроо-талаптын бара-бара калыбына келиши өлкөдөгү инфляциялык проссестерге таасир этүүдө. Буга жашылча-жемиштин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын жылдык өсүүсүнүн инфляциянын түптөлүшүнө салым кошкон.

Улуттук банктын болжолдоосу боюнча жыл аягына чейин инфляциянын көрсөткүчү 5-7 пайызды түзүшү мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!