​Накталай эмес төлөмдөр өсүп жатат

28-Июнь 2017, Шаршемби

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмү өсүп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымына караганда, коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда накталай эмес төлөм жүргүзүү начар өнүккөн. Ошентсе да аз-аздан өнүгүп жатат.

Учурда бюджеттегилердин жана коммерциялык уюмдардын төлөмдөрү банк карталары аркылуу берилип жатат. 2016-жылдын аягына карата банк карталары аркылуу 59 миң жаран жөлөк пул жана 254 миң пенсионер пенсия алып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!