Улуттук банк берген маалыматка караганда бүгүн, 7-февралда банктар аралык валюта соодасындагы доллардын курсу 0,03 пайызга төмөндөгөн, 1 доллардын наркы 69,42 сомго барабар.
Евронун курсу 0,01 пайызга жогорулап, 1 евро 74,63 сомго бааланды.
Рублдин орточо наркы 1 пайызга жогорулап, 1 рубль 1,18 сомго бааланды.
Теңгенин орточо наркы 0,14 пайызга жогорулап, 1 теңге 0,21 сомго бааланды.
Бекхан Асанов