Бюджеттин тартыштыгы 23 млрд. сом болот

08-02-2017

2017-жылы мамлекттик бюджеттин тартыштыгы 23 млрд. сом болушу мүмкүн. Бул тууралуу Каржы министри Адылбек Касымалиев маалымат жыйынында билдирди.

“Үстүбүздөгү жылы бюджеттин тартыштыгы Ички дүң өндүрүмдүн 4,7 пайызын түзүшү мүмкүн же 23 млрд. сомго жетиши күтүлөт. Ал эми 2016-жылы бюджеттин тартыштыгы 20,9 сомду тегерегинде болгон”,-дейт Касымалиев.

Анын айтымында, бюджеттин тартыштыгы боюнча өлкө жарандарынын арасында өкмөттүн дарегине сындар айтылып келет.

“Биздин жарандар бюджеттин тартыштыгын мамлекет чыгымдарды каржылай албай жатат деп түшүнүп жатышат. Бюджет тартыштыгы биз өлкөнүн ички инфраструктурасын жакшыртуу үчүн насыя менен гранттарды алган учурда пайда болот. Алар жолдорду куруу, ирригациялык системаларды жаңылоо, саламаттыктыкты сактоо жана билим берүү тармакттары үчүн алынган каражаттар эсептелет”,-деп кошумчалап кетти ал.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!