2016-жылдын декабрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 105,44 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка карганда, 2016-жылы өлкөнүн карызы 300 млн. долларга өскөн. Тактап айтканда, мамлекеттик карыз 4 млрд. 105,44 млн. доллар же 284 млрд. 220,13 млн. сомду түздү.
Мамлекеттик карыздын 3 млрд. 782,74 млн. доллары сырткы карыз болсо, ал эми ички карыз – 322,70 млн. долларды түзөт.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын аягына карата мамлекеттик карыз 3 млрд. 805 млн. долларды түзгөн.
Бекхан Асанов