​Жергиликтүү бюджет 6,4 млрд. сомду түздү

1-Авг. 2017, Шейшемби


Жергиликтүү бюджеттин кирешеси 6 млрд. 444,8 млн. сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жергиликтүү бюджеттин планы 97,3 пайызга аткарылган. План боюнча жергиликтүү бюджеттин кирешеси 6 млрд. 626,6 млн. сомду түзүш керек болчу. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 568,9 млн. сомго төмөндөгөн. Анын азаюуусу өзгөрүлгөн салык мыйзамына ылайык сатык салыгынан бошотулгандыгына байланыштуу.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!