Учурда дарыгерлердин айлыгы 5 миң сом

20-01-2017

Дарыгердин айлыгын көтөрмөйүн саламаттык системасында коррупция токтобойт

Дарыгерлердин айлык акысын көтөрмөйүн саламаттыкты сактоо тармагында коррупциялык көрүнүштөр токтобойт. Бул тууралуу Жогорку кеңештин депутаты Альфия Самигуллина журналистер менен баарлашуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, врачтардын базалык айлык аксы 72 доллар.

“Учурда дарыгерлердин базалык айлык акысы 5 миң сом, орточо өлчөмү 7-8 миң сом. Ал эми күн түн нөөмөттө иштеген стационардык дарыгерлердики 8-9 миң сом. Анан ушундай айлык акы алган дарыгер балдарымды кантип багам деп ойлонот да. Ошондуктан дарыгерлердин айлык акысын жогорулатмайын саламатыкты сактоо ситемасындагы коррупция менен күрөшө албайбыз. Жок дегенде эки эсе көбөйтүшүбүз керек”,-дейт Самигуллина.

Бекхан Асанов


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!