​Мигранттар 1 млрд. доллардан ашык которгон

16-Авг. 2017, Шаршемби

Эмгек мигранттардын Кыргызстанга которгон каражаттарынын жалпы көлөмү 1 млрд. доллардан ашты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылы мигранттар тарабынан которулган акчанын көлөмү 1 млрд. 90,4 млн. долларды түздү. Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 244 млн. сомго көбөйгөн. Башкача айтканда өткөн жылы ушул мезгилге карата которулган каражаттын жалпы суммасы 846 млн. долларды түзгөн болчу.

Каражаттын 1,07 млрд. доллары Россиядан которулган. Казакстандан 2 млн. доллар келген. Ал эми калган бөлүгү алыскы чет өлкөдөн жөнөтүлгөн каражаттар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!