​Октябрдан тартып пенсия көбөйөт

21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

1-октябрдан тартып пенсиянын көлөмүү жогорулайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков пенсияны көбөйтүү тууралуу токтом чыгарды. Токтомдун максаты пенсионерлердин жашоо деңгээлин колдоону көздөйт.

Социалдык фонддун жетекчиси Теңизбек Абжапаровдун айтымында, 1-октябрдан тарта пенсиянын көлөмү жогоруласа пенсиянын орточо көлөмү 516 сомго көбөйүп 5 миң 517 сомду түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!