Кыргызстандыктардын акчасы көбөйдү

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Улуттук банктын билдиргенине караганда учурда калктын колундагы накталай акчанын жалпы суммасы 85 млрд. 661 млн. сомду түздү.

Аталган сумма өткөн айга салыштырмалуу 2 млрд. 758 млн. сомго көптүк кылат. Башкача айтканда июль айында элдин колундагы акчанын көлөмү 82 млрд. 892 млн. сомду камтыган.

Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23,2 пайызга өскөн. Анда 69 млрд. 546 млн. сом болгон.

Эскерте кетсек, бул элдин колундагы улуттук сом менен жүгүртүлүп жаткан акчанын көлөмү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!