​Кыргызстандын эл аралык резерви өстү

29-Авг. 2017, Шейшемби

Улуттук банктын билдиргенине ылайык июль айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын эл аралык резерви 32,65 млн. долларга өстү.

Маалыматка караганда, июль айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн эл аралык корунун жалпы көлөмү 2 млрд. 61,7 млн. долларды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын октябрь айынан берки эң жогорку көрсөткүч.

Белгилей кетсек Улуттук эл аралык резервди өлкөдөгү улуттук валюта сомдун курсунун ыкчам өзгөрүп кетүүсүн турукташтыруу максатында колдонот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!