​52 млрд. сом салык жыйналды

13-Окт. 2017, Жума, 14:07

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында Мамлекеттик салык кызматы 52 млрд. 37 млн сом салык чогулткан. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, коюлган план 100 пайызга аткарылган. 2016-жылга салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 9,1 пайызга же 4 млрд. 345,7 млн. сомго жогорулаган. Аны менен бирге сатуу салыгын кошпогондо салыктын келип түшүүсү 6 млрд. 283 млн. сомго өскөн, башкача айтканда 14,7 пайызга жогорулаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!