Өткөн жылы январь-сентябрь айларында калктын номиналдуу акчалай кирешеси 228,4 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын алгачкы тогуз айында калктын номиналдуу акчалай кирешеси 2015-жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга өскөн. Калктын акча кирешесин табуунун негизги булагы эмгектенүү аркылуу табылган кирешенин көлөмү 69,3 пайызды түзгөн.
Ал эми жарандардын накталай кирешеси 6,1 пайызга жогорулаган.
Бекхан Асанов