Евробиримдик Кыргызстанга грант бөлөт

18-02-2017

Евробиримдик Кыргызстанга 22 млн гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана Европа биримдигинин эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Жогорку комиссары Немен Мимица Брюсселде КРга гранттык каражат бөлүү тууралуу 2 келишимге кол коюшту.

Келишимге ылайык Евробиримдик Кыргызстандын сот системасын реформалоого 12 млн евро, республиканын айыл аймагын комплекстүү өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында Жалал-Абад облусун өнүктүрүүгө 10 млн евро бөлөт.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!