​Бир аптада үч жолу интервенция жасалды

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 14:23

8-13-ноябрдын ичинде Улуттук банк сомдун туруктуулугун кармап туруу максатында 3 ирээт интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Улуттук банк жума ичинде каржы рыногуна 17 млн. ашык долларды сатыкка чыгарган. Тактап айтканда, 8-ноябрда 13,2 млн., 10-ноябрда 2,5 млн. доллар жана 13-октябрда 1,6 млн. доллар каржы рыногуна сатыкка чыгарган.

Эскерте кетсек, учурдан доллардын наркы 69,74 сомго барабар.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!