Жаңы 2000 сомдук кандай өзгөчөлүккө ээ?

15-Ноя. 2017, Шаршемби, 17:38

Буга чейин маалым болгондой 2017-жылдын 17-ноябрынан тарта биринчи жолу 2000 миң сомдук жаңы банкнот жүгүртүүгө киргизилет. Аталган банкнот башка төлөм каражаттары катары сыяктуу ээле кадимки төлөм каражаты катары колдонула берет. Бирок ал башкалардан айырмалап туруучу өзгөчө дизайнга ээ.

Дизайны

Банкноттун дизайнын. Улуттук банктын штаттык дизайнерлери иштеп чыккан.

Банкнот байыркы мезгилден биздин күнгө чейинки кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхын чагылдырган өзгөчө дизайнга ээ.

Банкноттун алдыңкы бетиндеги негизги сюжетте Манас баатырдын эстелиги стилдештирилген оюулар менен чагылдырылган. Ошону менен бирге байыркы түрк элдеринин жаратуучусу катары саналган Умай Эне символу тартылган. Ошондой эле көчмөндөрдү турагы болгон боз үй түшүрүлгөн.

Ал эми арткы бетинде кыргыз элинин өнүгүүсүн символу болгон өмүр багы чагылдырган. Ошондой эле асман тиреген Хан-Теңир тоосу, Ысык-Көлдүн фонунда канатын жайган бүркүт жайгаштырылган.

Өзгөчөлүгү

Анын көрүнүшү вертикалдуу болгондугу менен башка банкноттордон айырамланып турат. Ошодой эле бул банкнот Кыргызстанда алгачкы ирээт чыгарылган эстелик кагаз акча.

Техникалык жактан мүмкүн эмес болгондуктан бул банкноттор терминал менен банкоматтарда колдонулбайт. Себеби бул банкнот бир тираж менен гана чыгарылгандыктан терминал менен банкоматтар аталган банкнотко ылайыкташтырылбайт.

Чыгаруучу.

2000 сомдук АКШнын “Crane Currency” компаниясы тарабынан басып чыгарылат. Аталган компания Улуттук банкты буга чейин өткөргөн тендерин жеңип алган.

17-ноябрдан тарта Улуттук банктын кассаларынан белек түрүндө сатып алса болот. Баасы атайын иштелип чыккан конверит менен бирге 2020 сомду түзөт.

Банкнотанын негизги коргоо белгилери

Банкнота 10 коргоо белгилери менен корголгон.

Түстүү голограмма. Банкнотту сол жактан оң жагына же тескерисинче алып, жантайтып кароодо 25 деген сан улуттук оюу-чийимге айланыпөзгөрөт.

Микрооптикалык тилке. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо тигинен жайгашкан тилкеде чагылдырылган сүрөттөлүштөр ар башка түстө, көлөмдө кубулуп, чагылышып көрүнөт.

Көмүскө сүрөттөлүш. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо түркүн түстүү тилкелер пайда болот.

Банкноттун арткы бетиндеги иридисценттик тилкеде канатын кере жайып, учуп бара жаткан куштун эки түстө берилген элеси чагылдырылган.

Суу белгиси. Ар тараптан чагылдырылып, түркүн түскө кубулуп көрүнгөн суу белгиси, сандык номиналдын электротиби.

Өтмө регистр - банкноттун алдыңкы жана арткы бетинде бири-бирине дал келтирилип жайгаштырылган айырмалоочу белги. Жарыкка салып кароодо андан «2000» санды көрүүгө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!