Улуттук банк 450 миң доллар сатыкка чыгарды

17-Ноя. 2017, Жума, 11:07

Улуттук банк ноябрь айында доллардын наркын жөнгө салуу үчүн алтынчы ирээт валюта рыногуна чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Улуттук банк бул жолу валюта рыногуна 450 миң доллар сатыкка чыгарды. Муну менен башкы банк ноябрь айынын ичинде жалпы 32,2 млн. доллар сатыкка чыгарган.

АКШ акчасынын наркы өткөн жуманын ичинде өсө баштап 90 тыйнга чейин жогорулаган. 4 жолу жасалган интрвенциянын жардамы менен 10 тыйынга төмөндөтүүгө жетишилген.

Учурда акча алмаштыруучу жайлары менен коммерсиялык банктарда 69,80 сатылып, 69,60 сомдон алынып жатат. Ал эми Улуттук банктын койгон наркы 69,74 сомду түзүүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!