Улуттук банк 38,9 млн. долларды сатыкка чыгарды

18-Ноя. 2017, Ишемби, 11:03

Доллардын наркынын өсүүсүн жөнгө салуу үчүн Улуттук банк валюта рыногуна кайрадан интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Бул ирээт Улуттук банк өлкөнүн акча рыногуна 1 млн. долларды сатыкка чыгарды. Өлкөнүн башкы банкы ушунун менен жума ичинде 5 жолу интервенция жасап жалпы 10 млн. 650 миң доллар сатты.

Жыл башынан бери Улуттук банк акча рыногуна 16 ирээт чыккан. Анын ичинен 11 жолу долларды сатыкка чыгарса, 5 жолу доллар сатып алган. Жалпы 72 млн. 950 миң доллар саткан. Ал эми 34 млн. 460 миң доллар сатып алган. Ошондо жалпы 38 млн. 950 миң доллар сатыкка чыгарган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!