​Бюджеттин көбү социалдык секторго жумшалат

20-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 13:28

2018-жылы бюджеттеги каражаттын 48 пайызга жакыны социалдык секторго жумшалат. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Социалдык коргоого 33 млрд. 2 млн. сом бөлүү караган, анын ичинен 19 млрд. 5 млн. сому пенсияга, 9 млрд. 8 млн. сому жөлөк пулга бөлүнөт.

Ал эми билим берүү тармагына 29 млрд. 7 млн. сом бөлүү пландалып жатат. Анын 120 млн. сому китеп менен камсыздоого, 100 млн. сом мектептерди оңдоп-түзөө иштерине, 17 млн. 500 миң сому эмеректер жана компьютер сатып алууга жумшалат.

Ошондой эле саламаттыкты сактоого 16 млрд. 3 млн. сом бөлүнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!