​Көчмөндөр оюнуна 307 млн. сом жумшалат

27-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:29

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө 307,2 млн. сом жумшалат. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага кете турган каражат 2018-жылдын бюджетинен каралды. Бул каражаттын басымды бөлүгү Маданият, маалымат жана туризм министрлигине каралып, оюнга даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө 175 млн. сом бөлүнөт. Калган 132,2 млн. сому Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине берилет.

Эскерте кетсек, 2016-жылы экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 3 млрд. сом керектелген. Чыгымдын негизги бөлүгү Балыкчы Корумду жолун курууга жана стадион салууга жумшалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!