Улуттук банктын кайра каржылоо инструменттери

03-03-2017

Банктарды кайра каржылоо Улуттук банктын башкы функцияларынын бири. Ошондой эле мамлекеттин акча-насыя саясатын жүргүзүүдөгү башкы инструменти. Бул тууралуу Zaman.kg сайты Улуттук банктын Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын Кайра каржылоо жана баалуу кагаздарды жайгаштыруу бөлүмүнүн башкы эконмисти Атай Акпаралы уулу менен маектешти.

-Коммерциялык банктарды каржылоодо Улуттук банктын кандай инструменттери бар?

-Кайра каржылоо, башкача айтканда Улуттук банктын (УБ) акча-насыя саясатын ишке ашырууда коммерциялык банктарды насыялоо башкы функцияларынын бири. УБ коммерциялык банктарга насыянын түрү жана көлөмүнө жараша насыянын ар кандай түрүн сунуштай алат жана ар түрдү пайыздык чендерди коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

УБнын насыя түрүнүн бири кыска мөөнөттөгү насыя. Насыянын бул түрү дайыма аракеттеги терезе принцибинин негизинде сунушталат. Тагыраак айтканда дайыма жеткиликтүү жана коммерциялык банктардын талабы боюнча берилет. Мындай насыяга “күндүн ички” насыясы жана “овернайт” насыясы тийиштүү. Күндүн ички насыясы өлкөнүн төлөм системасынын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн берилген насыя. Күндүн ички насыясы Улуттук валюта менен пайызсыз негизде бир нече саатка бир күндүн ичинде берилет. “Овернайт” насыясы да банктын кыска мөөнөттөгү тез сатымдуулугун (ликвиддүүлүгүн) колдоо максатында Улуттук валюта менен бир күндүк мөөнөткө берилет. “Овернайт” насыясы боюнча пайыздык ченеми УБнын Акча-насыялык жөнгө салуу комитети тарабынан бекитилет. Ошондой эле пайыздык коридордун жогорку чеги кызматын аткарат. Учурда “Овернайт” насыясынын пайыздык ченеми 6,25 пайызды түзөт.

Күндүн ички насыясы жана “овернайт” насыясы күрөө коюу аркылуу берилет.

Ага күрөө катары Кыргыз республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары алынат.

2016-жылы “Күндүн ички” насыясына коммерциялык банктар тарабынан суроо-талап болгон эмес. Ал эми “овернайт” насыясы 2 млрд. сом өлчөмүндө берилген.

Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар учурунда коммерциялык банктар үчүн УБ акыркы инстанциядагы насыя берүүчү катары чыгат. Мындай учурда УБ банк системасынын бүтүндүүлүгүн коргоо үчүн камсыздандырылбаган насыя же УБнын башкармалыгы бекиткен шартта башка активдер менен камсыздандырылган насыя бере алат.

-Коммерциялык банктар үчүн насыя боюнча пайыздык чен займ алуучуларга таасир береби?

УБнын Акча-насыя саясатынын негизги милдеттерини бири бул – пайыздык каналдарынын ишин бекемдөө. Башкача айтканда УБнын пайыздык түзүмдөрү боюнча рыноктук түзүмдөргө таасир этүү механизми. Тагыраагы так коммерсиялык банкттын түзүмү түпкү заёмчуларына жана экономиканын чыныгы секторуна таасир берүү. Мисалы экономикадагы кырдаалга жараша коммерциялык банктар үчүн УБ кайра каржылоо инструменти боюнча пайыздык чендерин төмөндөтүп түрткү берүүчү акча саясатын жүргүзө алат. Каржылык ресурстардын наркын төмөндөтүү коммерциялык банктардын займ алуучуларын арзан насыя менен камсыз кылуусуна жол ачат. Өлкөдө инфляция жогорулаган учурда тескери процесс жүрөт. Ал учурда УБ коммерциялык банктар үчүн каржылык ресурстарды күчтөндүрүү аркылуу коммерциялык банктарга насыя боюнча түзүмдөрдү жогорулата алат. Бул албетте заемчуларга да таасири тийет.

-Улуттук банк коммерциялык банктарга узак мөөнөттөгү насыя бере алабы?

-УБ 2012-жылдын аягынан тарта коммерциялык банктарды кайра каржылоо максатында аукциондорду өткөрүп келет. Насыялык аукциондордун максаты экономиканын реалдуу тармактарын насыялоого түрткү болуу. Ошондой эле насыя боюнча пайыздык түзүмдөрдү төмөндөтүү аркылуу каржылык-насыя системасында инвестициялык шарттарды жакшыртуу максатын көздөйт.

Насыялык аукциондор коммерциялык банктарга улуттук валюта боюнча насыялык ресурстарды берүү үчүн УБнын демилгеси менен өткөрүлөт. Берилген насыялар коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүн колдоого же экономиканын кайсы бир тармагын насыялоого багытталган. Аталган инструменттин алкагында Ликвиддүлүктү колдоо насыянын колдонуу мөөнөтү 3 ай. Ал эми экономиканын кайсы бир тармагын колдоого багытталган насыянын мөөнөтү 6 ай. Ошол эле учурда экономиканын кайсы бир тармагын колдоого багытталган насыянын мөөнөтүн 2 жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

Экономиканы насыялоодо насыялык аукциондун алкагында берилген каражат сөзсүз максаттуу милдеттенмеси бар. Коммерциялык банктардан өнөр-жай, айыл чарба, соода-сатык, курулуш, туризм тармагы, транспорт, байланыш жана тейлөө тармактарына жумшай турган насыя алуучуларга берилиши керек. Керектөөчүлүк насыяга жол берилбейт.

2013-2016-жылдардын аралыгында коммерциялык банктар аркылуу насыялык аукциондун алкагында берилген насыянын көлөмү 7 млрд.75,9 млн. сомду түзгөн. Насыя алуучулар үчүн коммерциялык банктар тарбынан насыялык аукциондун алкагында берилген насыялардын пайыздык ченинин орточо түзүмү 14,72 пайызды түзгөн.

-2016-жылдын башында кыргыз өкмөтү тарабынан физикалык жактарга турак-жай алууда чет өлкөлүк валютадагы насыяларды улуттук валютага конвертациялоо программасы жүргүзүлгөн. Бул жерде УБнын ролу кандай?

-Аталган программанын алкагында коммерциялык банктар тарабынан 2015-жылдын 1-июлундагы курс менен 2 миң 397 насыя конвертацияланган. Конвертацияланган насыянын жалпы көлөмү 2 млрд. 163 млн. сомду түзгөн.

УБ доллар түрүндө берилген ипотекалык насыяларды улуттук валютага конвертациялоого катышкан банктарга колдоо көрсөткөн. Колдоонун жалпы суммасы 1 млрд. 914,2 млн. сом болгон.

-Улуттук банк коммерциялык банктардан тышкары дагы кимдерге насыя берүү укугуна ээ?

-2015-жылдын август айында “КРнын Улуттук банкы боюнча” КРнын мыйзамына толуктоо кирген. Бул толуктоолор УБга Евразия экономикалык биримдикке кирген өлкөлөр менен Кыргызстан биргелешип түзгөн чет өлкөлүк уюмдарга жана алар тарабынан Кыргызстандын экономикасын жеңилдетилген каржылоону ишке ашырган долбоорлор жана программалар үчүн улуттук валюта түрүндө акчалай каражат берүүгө жол ачат. Эл аралык уюмдар сунуштаган насыялар Кыргызстандын экономикалык өсүүсүнө жана өнүгүүгө көмөкчү болгон узак мөөнөттөгү колдоо. 2016-жылдын аягына карата Эл аралык уюмдар берген ресурстардын жалпы суммасы 1 млрд. 878,21 млн. сом.

-Улуттук банк Кыргыз өкмөтүнө насыя бере алабы?

-Улуттук банк “КРнын Улуттук банкы боюнча” КРнын мыйзамына ылайык Кыргыз өкмөтүнө, мамлекеттик кызматтарга жана мамлекеттик бийликтин башка формаларына насыя берүүгө укугу жок.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!