Түз инвестициянын көлөмү 2,4 эсе азайган

03-03-2017

Алдын ала маалыматтар боюнча 2016-жылы чет өлкөдөн келген түз инвестициянын көлөмү 2015-жылга салыштырмалуу 2,4 эсе кыскарган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылы сырттан келген түз инвестициянын жалпы көлөмү 654,8 млн. долларды түзгөн. Бул сумма 2015-жылга салыштырмалуу 2,4 эсе аз.

Түз инвестиция негизинен 86 пайызы каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу, геологиялык чалгындоо, кайра иштетүү ишканаларына жана башка багыттарга багытталган.

Инвестициянын негизги агымы Кытайдан келген. Бирок Кытайдан келген инвестиция 39 пайызга кыскарган. Муну менен катар эле Улуу Британия, Канада жана Түркиядан инвестициянын келиши бир кыйла солгундаган. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнөн келүүлөр да 2,5 эсе азайган.

Ал эми Казакстандан келген инвестициянын көлөмү 8,9 пайызга жогорулагандыгы байкалган.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!