​Улуттук банк кайрадан каржы рыногуна чыкты

4-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:57

Улуттук банк декабрь айындагы биринчи интервенциясын жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, башкы банк бул ирээт каржы рыногуна 5 млн. 950 миң доллар сатты.

Учурда бир доллар 69,65-69,85 сомго барабар.

Эскерте кетсек, ноябрь айында Улуттук банк жалпысынан 42,7 млн. доллар сатты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!