Жаңы тыйын-алтын жалатылган каркыра

6-Дек. 2017, Шаршемби, 16:12

Улуттук банк 7-декабрдан тарта “Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери” жана “Каркыра” коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери” коллекциялык күмүш жана жез-никель монетасы “Кыргыз каганатынын доору” сериясындагы 5-коллекциялык монета.

Монетанын алдыңкы бетинде негизги сюжет шайма-шай куралданган жоокердин элеси чагылдырылып “Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери” деген жазуу орун алган. Монетанын сол жагына 10 сом номиналы көрсөтүлгөн. Ал эми арткы бетинде ортосунда Кыргызстандын герби, анын айланасында атчан жоокердин элеси чагылдырылып. Ошондой эле металдын сапат белгиси жана салмагы жазылган.

“Каркыра” коллекциялык монетасы Кыргызстандын кызыл китепке киргизилген сейрек кездешкен жаныбарлады сактоо жана жайылтуу максатын көздөйт.

Монетанын негизги бетинде алтын жалатылган эки каркыранын элеси түшүрүлгөн. Ал эми арткы бетинде ортосунда герб жайгашып, анын айланта Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым түрлөрү берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!