Карыз 309,9 млрд. сомго жетти

9-Янв. 2018, Шейшемби, 11:31

Каржы министрлиги билдиргенине караганда мамлекеттик карыз 4,4 млрд. доллардын чегине жетти.

Ноябрь айынын жыйынтыгы менен алганда өлкөнүн жалпы карыз 4 млрд. 444 млн. долларды чапчыган. Сом менен алганда 309 млрд. 971 млн. сомду түзөт. Анын сырткы карызы 4 млрд. 15 млн. доллар, ал эми ички бересе 429 млн. доллар.

Сырткы карыз ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) 56 пайызын түздү, ал эми ички карыз ИДӨнүн 6,1 пайызына барабар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!