11 айда сырттан 2,3 млрд. доллар которулган

10-Янв. 2018, Шаршемби, 11:29

Улуттук банктын билдиргенине караганда өткөн жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен алганда чет жерде эмгектенип жүргөн мигранттар өлкөгө 2,3 млрд. доллар которгон.

Маалыматта айтылгандай акыркы 3 айда акча которуулардын агымы төмөндөгөн. Ноябрь айында жалпы 205,2 млн. доллар которулган. Бул сумма октябрь айына салыштырмалуу 37,9 млн. долларга аз. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 30,8 млн. сомго көптүк кылат.

Өткөн жылы акча которуулардын жогорку чеги 262 млн. доллар өлчөмүндө август айына туура келген.

Которулган акчанын 90 пайызы же 2 млрд. 244,6 млн. доллар Россиядан жөнөтүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!