​2018-жылы орточо айлык 16,6 миң сом болот

13-Янв. 2018, Ишемби, 15:52

2018-жылы Кыргызстанда орточо айлык акы 16,6 миң сом өлчөмүндө болот. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, министрликтин эсептөөсүнө ылайык 2016-жылдан тартып айлык акынын өлчөмү 2 миң 85,8 сомго көбөйгөн. Ал эми өткөн жылы жогорулоо 1 миң 74 сомду түзгөн. Эгер азыркыдай өнүгүү шарты менен өсүп отурса 2019-жылга карата айлыктын көлөмү дагы 1 миң 156,3 сомго жогорулашы мүмкүн.

Эскерте кетсек, Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда 2017-жылы орточо айлык 6,9 пайызга өсүп, орточо айлык акы 13 миң 915 сом болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!