Бюджеттин кирешеси 156,4 млрд. сом болот

18-Янв. 2018, Бейшемби, 11:49

Үстүбүздөгү жылы салык түрүндө 118 млрд. 850,3 млн. сом түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылы бюджеттин кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 15,5 млрд сомго көп түшүүсү күтүлүүдө. Алсак салык түрүндө 118 млрд. 850,3 млн. сом же 2017-жылга караганда 11 млрд. 721,8 млн. сомго көп түшөт, салык эмес түшүүлөрдөн 22 млрд. 720,1 млн. сом, ал эми гарнттан 14 млрд. 783,2 млн. сом түшөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!