​Улуттук банк балдардын финансылык билимин жогорулатат

20-Март 2018, Шейшемби, 16:10

8Эл аралык эксперттердин айтымында, бүгүнкү күнү финансылык билим менен финансылык системадагы интеграция боюнча билимге дүйнөдөгү балдардын 1 пайызына жетпеген үлүшү гана ээ. Ошондуктан азыр балдар жана жаштарды өз каражатын жоопкерчилик менен сарптоо жана сактоо тууралуу тийиштүү билимге ээ болушуна колдоо көрсөтүү маанилүү.

Учурда Дүйнөлүк акча жумалыгы өтүп жатат. Бул масштабдуу жана маанилүү билим берүүчү кампания жыл сайын балдардын жана жаштардын финансылык билим берүү боюнча эл аралык “Childand Youth Finance” биримдигинин алдында дүйнөнүн 100дөн ашык мамлекеттеринде өткөрүлүп келет.

Бул иштерде Улуттук банк да артта калбай өз милдети катары карап бир катар иш чараларды уюштуруп жатат. Ошолордун бири окуучуларга каржы тууралуу жеткиликтүү кылып окутуу, үйрөтүү иштерин айтса болот.

Улуттук банк менен БУУнун Балдар фондусу улуттук валютанын 25 жылдыгына жана Дүйнөлүк акча жумалыгына карата “Керемет Көч” балдар фильминин атайын сериясын жаш көрүүчүлөрдүн назарына сунуштады.

Мультфилимдин максаты өлкө калкынын каржы сабаттуулугун жогорулатуу болуп эсептелет. Балдар жакшы көргөн Керемет көч берүүсүнүнүн башкы каармандары Актан менен Акылай балдардын тили менен акча баалулуугун, улуттук валюта жана үй бүлөлүк бюджет боюнча баяндап берет.

Бул ишчарага Улуттук Банктын төрагасы, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Өлкөнүн борбордук банкы балдардын финансылык билимин жогорулатууга айрыкча көңүл буруп жатат. Учурда финансылык каражаттарды туура пайдалануу, копьютердик сабаттуулук ыкмаларын өздөштүрүү сыяктуу турмуштук зарыл инструментке айланды",-деп билдирди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

Улуттук банктын адистеринин айтымында “Керемет көч” мультфилиминин сабатуулукту жогорулатууга болгон атайын сериясы БУУнун Балдар фондунун демилгеси менен тартылган, бул саамалыкка Улуттук банк да катышып мультфилимдин сценарийин фонддун өкүлдөр менен чогу иштеп чыккан.

Балдарга каржы сабаттуулугун үйрөтүү боюнча ишти баштоодо алгач атайын изилдөө жүргүздүк. Квинс университетинин изилдөөсү боюнча “Керемет көчтүн” башкы каармандары Актан менен Акылайды көргөн балдардын дээрилик 98 пайызы алардын кылык жоруктарын өздөрүнө сиңирип алып аларды туурашат экен. Биз ошого таянып мультфилм серасын тарттык. Бул мультфилимдин сериасы негизи 5-класстарга чейинки балдарга каржы терминдерин жеткиликтүү жеңил формада түшүндүрүп акча деген эмне, акчаны кантип топтош керек, коромжу кылбай сарптап жыйнап кандайдыр бир максатка жумшоону түшүндүрүү болду. Биздин бул аракетибиз максатына жетет болуш керек деген ойдобуз”,-дейт Улуттук банктын финансылык сабатуулук секторунун жетекчиси Эмир Бообеков.

Ал эми мультфилимдин көрүүчүлөрү керемет көчтүн сериасынан акча тууралуу көп керектүү маалыматтарды ала алганын айтышты.

“Мага “Керемет көч” жакты көрүп жатып акчаны кантип чогултуш керек экенин кичине билип калдым. Мындан кийин атам берген акчаны шокалад, чипсы алып жей бербей чогултуп чоң куурчак алайы деп жатам. Бүгүн үйгө бараганда атама копилка сатып бер деп айтам”,-дейт 2-класстын окуучусу Адилет кызы Сайкал.

Ошондой эле 4 класстын окуучсу Элмира Кубанычбек кызыда мултьфилимден көп нерсе үйрөнгөнүн айтып досторуна да айтарын айтты.

Мага бүгүн мультфилим аябай жакты. Апабыз атабыз берген акчаларды корто бербей копилкага салып чогултсак өзүбүзгө керектүү бирдеме сатып алсак болот экен. Акчаңарды чогулткула деп досторумада айтам”,-дейт ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!