Кайсы смартфон мыкты камерага ээ?

29-Март 2018, Бейшемби, 12:47

“DxOMark” ресурсунун эксперттери эң жакшы камера менен жабдыкталган смартфонду тандашты. Бул тууралуу "SlashGear” шилтеме берип “korrespondent.net” сайты билдирет.

Рейтингдин лидерлигине 2018-жылы 27-мартта Кытай компаниясы тарабынан чыгарылган “Huawei P20 Pro” смартфону ээ болду. Белгилүү болгондой смартфонго үч камера орнотулган.

Маалымдалгандай гаджет ресурстун тарыхындагы эң жогорку баага ээ болгон. Ага ийгиликти 40 мегапиксельдүү “QuadBayer” сенсорлуу, 20 МП сенсору бар экинчи монохромдуу камерадан жана кошумча телефото-сенсорунан турган үч камера аркылуу жетти.

Сүрөтүнүн сапаты үчүн “P20 Pro” 114 упай алды. Ушундайча, флагмандык “GalaxyS9”ди гана эмес, “MiMix 2S” менен “iPhoneX” смартфондорун артка калтырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!