“Samsung Galaxy S9 Plus” смартфонунун баасын айтышты

30-Март 2018, Жума, 16:43

“TechInsights” эксперттери жакында расмий түрдө сунушталган “Samsung Galaxy S9 Plus” флагмандык смартфонунун баасын жарыялашты. Алардын баамы боюнча гаджеттин баасы - 379 доллар.

Бул сумма Түштүк Корея фирмасынын башка флагмандарынын бири “Galaxy Note8”дин баасынан 10 долларга кымбат турат.

Натыйжасында, “Samsung Galaxy S9 Plus” компаниянын чыгарган смартфондор арасында баасы боюнча рекордду койду.

Эксперттер «Apple» түзүмдөрүнүн да “iPhone 8 Plus” жана “iPhone X”тин баасын салыштырышты: “iPhone X” атаандаштарынан ашып, 389 АКШ долларын түзөөрү белгилүү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!