“IPhone”дун жай иштөөнү токтотууга мүмкүнбү?

2-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 13:06

“Apple” “iOS 11.3” нускасындагы жаңы жаңыртуусун чыгарды. Анын башкы жаңылыгы “iPhone”дун жай иштөөсүн болтурбоочу функция ишке кошулду. Эми колдонуучулар өздөрү түзүмдүн иштөөсүн башкара алышат. Бул тууралуу “CNNMoney” жазды.

Азыркы убакытта бул мүмкүндүк “бета” нускасында кол жетимдүү. Ошентсе да, пайдаланууга мүмкүн болгону менен “Apple” аны колдонууну сунуштабайт.

Бул функция “iOS” батареясы менен байланыштуу маселелерди аныктаган кезде гана жеткиликтүү болот. Эгер аккумулятор жакшы болсо, система түзүмдүн эң көп режиминде иштеп жатканын эскертип турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!