“Apple” “Intel” процессорунан баш тартат

3-Апр. 2018, Шейшемби, 16:24

“Bloomberg” маалымат булагынын билдирүүсүнө таянсак, “Apple” компаниясы 2020-жылдан баштап компьютерлерде өздөрү гана чыгарган процессорлорду колдонушат.

“Apple” компаниясы “Intel” процессорлорунан баш тартып, 2020-жылы компьютерлеринде өздөрү даярдаган “Mac” чиптерин колдонушат. Бул тууралуу компаниянын өкүлдөрү билдиришти.

Долбоор “Kalamata” деп аталат. Азыр иштелип жатат. “Apple”дин башчылары аны толугу менен колдоп жатышат.

Компания келечекте бардык түзүмдөрүндө өздөрү иштеп чыккан чиптерди колдонууну көздөшөт. Себеби, анда түзүмдөр өз ара жакшы иштеп баштайт. Азыркы убакта “Apple” чыгарган процессорлордо “iPhone”, “iPad”, “Apple Watch” жана “Apple TV” иштеп келет.

“Apple” компаниясы чиптерден баш тартса, “Intel”ге оор сокку болоорун айтылууда. Себеби, бул чиптер жыл сайынкы кирешенин 5 пайызын түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!