Робот-мугалимдер сабак бере башташты

4-Апр. 2018, Шаршемби, 10:30

Элиас атуу робот Финляндия мектептеринде англис тилин үйрөтүүгө киришти.

Ал – өтө чыдамкай жана балдарга добуш көтөрбөйт. Ошол себептен башталгыч класстын окуучулары робот менен сабак өткөндү жактырышат.

Элиастын Овобот аттуу кесиптеши да бар. Өзгөчө программа менен жабдыкталган Овобот математикадан сабак берет. Бирок Элиастын жанында ал чоң ийгиликке жете элек.

Робот-мугалимдердин жалгыз кемчилиги – балдардын тартибин көзөмөлдөшпөйт. Ошондуктан, класста мугалимдин катышуусу милдетүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!