“Facebook” маалымат алууга тыюу салды

6-Апр. 2018, Жума, 10:07

“Facebook” дүйнөлүк желеси тиркемелерге колдонуучулардын маалыматтарын алууга тыюу салды. Бул тууралуу компания өкүлдөрү билдирди.

«Бүгүндөн баштап “Facebook” программалык интерфейстерди колдонуучу тиркемелерге жазуулар менен коноктор тизмеги тууралуу маалыматты ээлеп алууга тыюу салат. Келечекте биз уруксат берген жана талаптарыбызга толугу менен туура келген тиркемелер гана колдонучулардын маалыматарына кол жеткире алат», — деп маалымдалат компаниянын билдирүүсүндө.

Ошондой эле, социалдык желе тиркемелердин диний жана саясий көз карашы, үй-булөлүк абал жана жумушу менен билими тууралуу маалыматты көрүүгө да уруксат бербей турган болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!