Цукерберг катуу өкүндү

11-Апр. 2018, Шаршемби, 11:40

Компания башчысы Россиянын шайлоого аралашпоосуна тоскоолдук жасай албагандыгына өкүндү. Ошондой эле, алдыңкы убакытта колдонуучулардын жеке маалыматы коопсуздукта болоорун камсыз кылаарын билдирди. Бул тууралуу “korrespondent.net” сайты маалымдайт.

“Facebook”тун негиздөөчүсү Марк Цукерберг колдонуучулардын жеке маалыматтын колдонуу аркылуу шайлоо иштерине кириптер болгонуна катуу өкүнгөнүн айтты. Ал 9-апрель күнү сенаторлор менен кездешип, болгон жагдайды түшүндүрдү.

«Бизге кандай жоопкерчилик артылганын так сезген эмес экенбиз. Бул менин катачылыгым болду. Ал үчүн өкүнөм. Мен “Facebook” желесин негиздедим жана аны азыр башкарып жатам. Ошол себепке байланыштуу болуп жаткан нерсенин баардыгына өзүм жооп беремин», - деп кабарланат Марк Цукербергдин сөзү АКШ конгресси тараткан билдирүүдө.

Цукерберг болочокто мындай абалдын дагы кайталанбоосуна убада берди жана азыр коопсуздукту камсыз кылуу максатында инвесторлор менен келишим шарт түзүп жатканын кошумчалады

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!