Цукербергтин коопсуздугуна “Facebook” 9 млн. доллар жумшаган

24-Апр. 2018, Шейшемби, 11:21

“Facebook” компаниясы 2017-жылы башчысы жана социалдык тармактын ээси Марк Цукербергтин жеке коопсуздугуна 9 млн. доллар жумшаган. Бул тууралуу “CNN” маалымдайт.

2015-жылдан баштап Марк Цукербергтин “Facebook” дүйнөлүк желесинин коопсуздугуна жана анын ишкерлик сапарларга жумшаган чыгымы болжол менен 20 миллион АКШ доллар корогон.

Компанияда Цукерберг директорлор кеңешинин төрөгасы жана башкы аткаруучу директор болуп саналат. Ошондуктан, “Facebook” тармагынын өкүлдөрүнүн айтуусунда мындай чыгымдар «Цукербергдин жеке коопсуздугуна» байланыштуу болуп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!