Чөнтөккө баткан принтер

23-Март 2017, Бейшемби

Техника өскөн сайын адам баласына болушунча жеңилдиктер жасалып жатат. Ар бир жеңилдик заманбап негизде жасалгаланып, сунушталып жаткан маал. Илим менен технология өнүккөн сайын жаңы жаңылыктарга күбө болуп келебиз. Ошолордун бири бул чөнтөк принтери. Бул принтер сиздин сумкаңызга да, чөнтөгүңүзгө да батып кете берет. Ал үчүн жөнөкөй уюлдук телефон аркылуу кайсы гана жерде болбоңуз кагазды басып чыгарууга мүмкүн болот.

“ Zuta Labs” аттуу Израиль компаниясы тарабынан иштелип чыккан чөнтөк принтерлерин тааныштырмакчыбыз.

Бул технология гаджетинин көлөмү кубик “Рубик” оюнчуктарынан бир аз гана чоңураак. Анын бийиктиги 10 см жана 11,5 диаметрлүү, массасы 300 г келет.

Бул түзүмдүн артыкчылыгы эч кандай чубалжыган электр зымдарына туташтырбай чыгарууга мүмкүн болот. Мини-принтерге чакан аккумулятор орноштурулган. Ал кагазды смартфон, ноутбук же компьютерлер аркылуу жиберип чыгарууга мүмкүн. Ойлоп табуучулар аппаратты зымсыз “Bluetooth”га туташтырып жана “Android”, “iOS”, “Linux”, “OS X”, “Windows” операция системаларына байланыштырышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!