“Xiaomi” жаңы “Mi 6X” счмартфонун сунуштады

26-Апр. 2018, Бейшемби, 12:20

“Xiaomi” компаниясы бюджеттик түзүмдөрүнө кирген “Mi 6X” смартфонун сунуштады. Салыштырмалуу түрдө төмөн баасына карабастан, гаджет 12 жана 20 Мп модулу жана кубатуу кош камера менен жабдыкталган. Бул тууралуу “Корреспондент.net” сайты билдирет.

Негизги камера “Sony IMX486” 12 мегапикселдүү модулдагу f / 1.75 жана 20-мегапикселдүү “Sony IMX376” сенсорлуу линзасы бар.

Гаджет 2,2 ГГц жыштыктагы “Snapdragon 660” процессоруна негизделген. Ошондой эле, графикалык тедеткич “Adreno 512” менен да жабдыкталган.

Смартфондун үч үлгүсү сунушталмакчы: алар 4 ГБ оперативдүү жана 64 ГБ ички эс тутум, 6 ГБ жана 64 ГБ, ошондой эле, 6 ГБ жана 128 ГБ болмокчу.

Алгач эле гаджет чыгарылган өлкөдө сатыкка чыга баштайт. Баасы 250 доллардан башталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!