Билл Гейтс “Instagram” баракчасын ачты

26-Апр. 2018, Бейшемби, 14:03

“Microsoft”тун негиздөөчүсү Билл Гейтс биринчи жолу өзү үчүн белгилүү социалдык тармактардын биринен аккаунт ачып, алгачкы постун салды.

Гейстин баракчасындагы биринчи сүрөт Танзанияда аялы менен бирге жакыр үй-бүлөлөргө жардам берген жатканда тартылган. Биринчи сүрөттө Мухеза провинциясындагы кедей балдар менен тамактанып жаткан. Анда көрүнгөндөй дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири балдар менен жөнөкөй күрүч жеп жатат.

Белгилей кетсек, Билл Гейтс көп жылдан бери Африкага келип кедей өлкөлөрдүн бири Танзанияга жардам берип келет.

Инстаграмда компьютер империясынын негиздөөчүсүнүн дебюту укмуштуудай болду. Бир нече саат ичинде ага 73 миңден ашык адам жазылды. Анын ичинде цифралык дүйнөдөгү «кесиптеши», “Facebook”тун башчысы Марк Цукерберг да бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!