“Instagram” төлөө системасын ишке киргизди

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 10:00

Азыртан баштап бул тиркеменин жардамы менен кафе жана ресторандан орун брондоо жана билет катып алуу системасы киргизилди. Жакында киного билет сатып алуу мүмкүндүгү пайда болот. Бирок, азыр бул система бир канча гана колдонуучулар үчүн жеткиликтүү. Бул тууралуу “korrespondent.net” сайты билдирет.

“Instagram” социалдык желеси өзүнүн төлөө системасын киргизди. Эми кредит картасын тиркеп, аталган тиркеме аркылуу товар сатып алууга болот.

Компания да бул кызматтын киргизгенин тастыктады. Бирок, аны азырынча бир нече адам гана пайдалана алат. Адистер ушундайча жарнама берүүчүлөрдүн кызыгуусун артырууну аракет кылышууда.

Эскерте кетсек, аталган тиркеме бул кызмет түрүн кошууну 2017-жылы убада берген эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!