"Apple" акциялары рекорддук деңгээлге жетти

12-Май 2018, Ишемби, 14:19

АКШ базарындагы эң кымбат технологиялык компания болуп саналган "Apple"дин акциялары жуманын акыркы күндөрү рекорддук даражага чейин өстү. Нью-Йорк биржасында алгач 187,36 долларга көтөрүлүп, жуманын аягында 1,6 пайызга өскөн, 190,37 долларга жетти.

Бул компаниянын тарыхындагы эң жогорку натыйжа. Тактап айтканда, "Apple" акцияларынын баасы 959 миллиард долларга жетти. Эксперттердин айтуусу боюнча, кийинки жумада "Apple"дин акциялары 1 триллион долларга жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!