Смартфонду кантип тазалап, жумушун жеңилдетүүгө болот?

Смартфонду кантип тазалап, жумушун жеңилдетүүгө болот?
16-Май 2018, Шаршемби, 10:24

Эгер смартфонуңуз жай иштеп, узак убакыт «ойлонуп» жатса, ага себеп убактылуу файлдар менен сиз өчүрүп таштаган тиркемелерден калган «таштандылар» жана вирус болушу мүмкүн. Демек, тазалай турган убакыт келди.

“Android”- смартфондун ичиндеги «таштандыдан» тазартып, ылдам иштөөсү үчүн арналган бир нече жөнөкөй кол жетимдүү куралдар бар.

Эч бир тиркеме жүктөбөй тазалоо

Эгер сиз смартфонуңузга эч кандай тиркеме же кошумча нерсе жүктөөнү каалабасаңыз же болбосо жаңы тиркеме жүктөөгө телефонуңуздун эс тутуму жетпесе, “Android”тин атайы функциясын кошууга кеңеш беребиз. Кошумчаны башкаруу өтө оңой: Аны смартфонуңузга жүктөп, ачкандан кийин, «Сканерлөө» деген чоң жашыл баскычты басасыз. Ушул убакытта “SD Maid” системадагы убактылуу файлдар, катачылыктар тууралуу эсептер сыяктуу “Android” жумушуна тоскоолдук келтирген бардык «таштандыны» жыйнап чыгат.

Аларды тазалоо үчүн «Азыр жиберүү» («Запустить сейчас») баскычын тандайсыз. Айта кетсек, аталган тиркеменин бекер нускасы да бар. Аны бул жерден жүктөп алууга болот.

“360 Security” аркылуу смартфонду вирустан коргоо “Android” системасына терс таасир берген вирустар көп эмес. Бирок, бар. Демек, антивирус орнотуу керек. “Google Play”де антивирустун түрү көп. Бирок, көбүнчөсүнүн кээ бир функциялары сатып алуу аркылуу гана жумуш иштейт.

Ал эми “360 Security” антивирусунун бардык кызматы бекер, кыскартылган эмес. Тиркемеде «Ылдамдыгын арттыруу», «Тазалоо», «Антивирус» кызматтары бар. Ошондой эле, кубаттын үнөмдөөгө, тиркемелерге сыр сөздөрдү коюуга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!