“WhatsApp”та жаңы функциялар пайда болду

“WhatsApp”та жаңы функциялар пайда болду
17-Май 2018, Бейшемби, 09:43

Дүйнөгө белгилүү мессенджерлердин бири “WhatsApp”та өзгөрүүлөр болду. Эми колдонуучулар топторго кошулган кезде ал тууралуу кыскача түшүнүктөмө, анын максаты менен эрежеси жана темасы тууралуу маалымат ала алышат. Бул экрандын жогорку жагында көрүнүп турат. Ал эми жетекчилер аты-жөнү, сүрөтүн жана таанытуусун өзгөртө алган адамдарды тандай алат.

Топтон чыккандар ага кайра кошула албайт. Эгер колдонуучу топтук чатка көптөн бери кире элек болсо, анда оң жактагы төмөндө турган “@” белгисин басып, маалыматтар менен тезирек тааныша алат.

“WhatsApp” расмий блогунда жаңы функциялар бүгүнкү күндөн баштап “Android” жана “iPhone” тиркемелеринде кол жетимдүү экенин жазды.

Айта кетсек, бүгүндө “WhatsApp”ты 1,5 миллиард адам пайдаланат. Ал эми “Telegram”да 200 миллион адам бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!